Талкуу:Кыдыр аке, Байсары уулу

Кичинеден болсо дагы киргизилип жаткан макалаларды башка маалыматтар менен салыштырып, текшерип туруу зарыл го. Мисалы, Кыдыр аке Мамдуманын 4-чакырылышынын же андан мурунку чакырылышын депутаты болгон эмес. Мына "Б" тамгасы менен башталган депутаттар: Бадаев А.Е. Бажанов И.А. Байтеряков Г.Х. Балашев П.Н. Депутаттардын толук тизмесин Депутаты государственной думы (портреты и биографии) четвертый созыв 1912 – 1917 г. (Составитель М.М. Бойович. М. 1913) карап көрсөңөр болот эле. Анда Кыдыр акенин фамилиясы да жок. Депутат болуу башка, делегат деген башка. Кыдыр аке Романовдордун такка отурушунун 300 жылдык тоюна делегат болгон. Жергиликтүү, орус эмес элден казак Сат Ниязбеков, Кыдыр (документте Кадыр) Байсарин жана илелик уйгур Джемалитдин Джелилов барган.

Return to "Кыдыр аке, Байсары уулу" page.