Талкуу:Орозбаков Сагымбай Орозбак уулу

Улуу Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына карата Сагымбайдын ата теги Быйылкы жылы Улуу Манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык маарекеси белгиленмекчи. Сагымбайдын тегине келсек Кызарттын алдындагы Ала-Көл, Бурган-Сууну жердеген Саяк уруусунан, мойнок тукумунун ичинде Манас уулу деген уруктан. Азыр да Жумгалда Манас уулу аталган урук жашайт. Биздин айылдагы Сагымбай манасчы менен айылдаш жашаган Сыдыбай уулу Керим, аны көргөн Оторбаев Бозгунчу, Манас уулунан чыккан Нарын шаарынын тургуну Орозобеков Асанбек, Манасчынын уулу Жамангул сыяктуу инсандардан залкар манасчы тууралуу көп уктум. Алардын айткандарын 1989-1990-жылдары “Эмгек Туусу”, “Ала- Тоо таңы” сыяктуу гезиттерге жарыялагамын. Эмгек Туусу гезитинин 1990-жылы 24-марттагы санына жарык көргөн «Сагымбай залкар адам болгон» деген макалам Кыргыз Улуттук Илимдер акедемиясы тарабынан түзүлгөн « Сагымбай энциклопедиясы» китебине киргизилиптир. …Жоокерлик заманда Суусамырдан Күрүчбек эли келип Манас уругун чаап, Акжол дегендин аялын, жети эркек баласын туткундап кетет. Балдардын улуусу Орозой качып Кочкордогу эжесине келет. Эжеси: -“ Бул жерде тынч жүрө албайсың. Ниязбектин уулу Ормонго барып баш калкала!”-дейт. Орозой Ормонго барып жигит болуп, кылган иши менен жагат. Ормон жигиттери моңолдордон чыккан Сары Токтор менен Миңназарды Кокон ханына жиберип керней алдырат. Кернейди жигиттеринин бири да үйлөп, үн чыгара алышпайт. Орозой үйлөгөндө кернейден үн чыгат. Ошентип Орозой Ормондун кернейчи жигитине айланат. Орозойдун иниси Акеше агасынын кабарын угуп качып келет. Ормон: -атың ким? –деп сурайт. –“Акеше” –дегенде,-“Атың жаман экен. Мындан ары Орозойдун иниси Орозбак болгун” –деп Орозбак аталып, Ормондун жылкысын багып, кийин жылкычы башы болот. Орозой өлгөндө, анын ордуна кернейчи табылбайт. Иниси тартаар деп Орозбактыны алдырып, ал агасынан да мыкты тартып, сурнай менен коштогондутан Ормондун жан жигитине айланат. Кийин Орозбакты Козубек деген инисин таанып аны бошотуп келген. Калган эки бир тууганы чечектен өлүп, бирөө дайынсыз жоголгон экен. Сагымбай манасчы менен чогуу жүрүп калган Бек,Санташ деген адамдар Ормон хан Кененсары менен согушкандагы жеңишке алып барган согуштук ыкмаларды ( Ормон опузаны) Орозбактынын акылы менен жасаган деп айтчу дешет.Бул тууралуу Шарше ( Бабай), Жамангул деген аксакалдардан угуп, 1992-жылы жазып алгамын. Санжырачылардын айтуусунда Ормон жогорудагы “опузаны” ( согуштук тактиканы) жетиген уруусунан чыккан Медербектин акылы менен жасаган деп айтылат. Демек, Ормонхан Медербек, Орозбакты сыяктуу акыл кошчулары менен биргелешип Кененсарыны жеңүүнүн айласын тапкан болуу керек. Сагынбай залкар Орозбактыдан Алишер , Байдөөлөт, Сагынбай жана дагы бир кыз. ( Сагынбай Орозбактынын үчүнчү баласы). Жазма булактарда Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндө Кабырга деген жерде төрөлгөн. ( Тарыхчы Белек Солтоноевдин айтуусунда 1868-жылы 20-апрелде Ысык-Көлдүн түндүк жагы Сары-Ойдо туулган). Албетте бул маалымат Сагынбай 1930-жылы өлөөрүндө «мен быйыл 63 жаштамын» дегендиктен ал жылдан 63 жылды алып салуу менен чыккан эсеп. Кыргыздар баланын курсагындагы тогуз айлыгын кошуп эсептегенин эске алып, бүгүнкү эсепке туураласак Манасчы 1868-жылы төрөлүп, алтымыш эки жашында өлгөн болуп эсептелет. Демек жазма булактардагы маалыматты кайра тактоо зарыл. Ошондой эле залкардын уулу Жамангулдун айтуусу боюнча ысмы Сагымбай эмес «Сагынбай» деп жазылышы керек. Себеби Орозбакты туулган жери Кызартты сагынгандан “Сагынбай” коюлган. Кыргыз тилинде “н” тыбышы айтылганда же угулганда “м” га айланып калганын да эске алуу зарыл. Ошондуктан мындан ары “Сагынбай” деп жазсак туура жазган болобуз. 1872 -жылы Орозбак чүйдүн башы Кертабылгыда 80 жаш курагында кайтыш болот. Энеси да ушул жылы өлүп, Сагынбай агасы Алишердин кароосунда чоңойот. Тогуз жашынан баштап айылда бала окуткан өзбек молдодон 3-4 жыл окуган. Бирок ал китеп окуган менен жаза алчу эмес. Ал кичине кезинде эле ээлигип ырдап жиберчи. Алишер Манас айта калып жүргөндүктөн андан таалим алган. Анын айылына белгилүү манасчы Чоңбаш (Нурмантай) келип Манас айтканда ээрчип жүрүп үйрөнүүгө аракеттенген. 1881-жылы Россия менен Кытай империяларынын чек араларын тактоо боюнча жүргүзүлгөн Санкт –Петербург келишимине ылайык орустар Кулжа аймагын кытайга өткөрүп берет. Ал жактагы Текестик бугуларды, Арык тукум уруусун, саяктардын айрым бөлүктөрүн Ысык-Көлгө көчүргөн. 1882-жылы орус администациясынын буйругу менен сарбагыш айылдары Көлдүн күңгөйүнөн Кочкорго көчүрүлөт. Бул учурда Сагынбай 15 жашта болуп, жеринен көчкөндө зарлап кошок кошкон. Ал кошок «Сагынбайдын зары» аталып эл ичине кеңири тараган. Ал көчүп баратканда: -Ырыстуу кайран Ысык-Көл, Илгертен өскөн биздин эл. Көзүмдү ачып көргөн жер, Айдаган малым өнгөн жер. Жайлооң ай, төрүң ай, Токойуң ай, талың ай. Коёну койдой жайнаган, Адырда аркар маараган. Үңкүрдө үкү талпынган, Көлдө бака чардаган, Жардысы байдай байыган, Аңчылар аңын уулаган. Койчулар коюн жактаган, Кодочу балык кактаган. Балдары чилин уулаган, Чабагы көлдө ыргыштап. Улары зоодо үндөгөн, Бөктөрдөн түлкү булактап. Кичинемден көнгөн жер, Аштыгын кумдай көмгөн жер. Жайнап жаткан көлүң ай, Толкундаган шарың ай деп ар бир жерди сүрөттөп кошок кошот. Кочкорго келип Кара-Саз аймагына агасы Алишер болуп, үй тигип үй бүлөсү менен катуу оорушат . Чечектен кыйналып жөөлүп жатканда уйку соонун ортосунда дүбүрт чыгат. Алишер, Сагынбайлар «Арык тукуму келип айылга чабуул коюп жатабы» деп ойлошот. Ошол мезгилдерде жаңы көчүп келген Сарбагыштардан Арык тукуму уруусу, мал алып жаткан кези экен. Бирок дүбүрт Арык тукуму эмес эле Манастын колу экенин көргөн Алишер менен Сагынбай аң-таң болушат. Алар манас айтууну буюруп, убадаларын алган. Ошентип экөө тең Манас айта баштайт.Алишер Семетейдин Айчүрөккө бараткан жерин кыйын айтчу дешет. Кийин Сагынбай озуп айта баштаганда Алишер “Манасчылыкты сага бердим” деп токтотуп койгон дешет. Алар Кочкордо эки жыл туруп Чүйгө көчүп кетип, ал жакта он чакты жыл жашаган. Сагынбайдын тайлары Ат-Башылык азыктар болгондуктан, Келдибек манасчыга жакын жээн болгон. Келдибек манасчы чүйгө барганда аны ээрчип таалим алган. Сагынбайдын зиректигин байкаган Келдибек манасчы: -Сенин атаң Орозбак, Сурнай тартып боздоткон. Үнү мукам чыксын деп, Керней менен коштоткон. Ормон хандын буйругун, Аткарып келди карганча. Арыдым талдым дебестен, Бир топ жашка барганча. Сурнайы менен Орозбак, Жан сактады кор болбой, Аркасы менен Ормондун, Эркин жашоо өткөрдү Баскан жолу торолбой. Эми балам Сагымбай, Манасты терең билип ал, Акыл насаат мен айткан, Көңүлүңө түйүп ал –деп кеңешин айткан. Ал Сагынбайга «Манасты» айттырып көрүп, «обондон жетише элек экенсиң» деп обон менен кол шилтөө сыяктуу кыймыл аракеттерди үйрөтөт. Ошентип белгилүү манасчынын таалимин алып он алты жашында чоң манасчы атыгат. 1916-жылы үркүндө кытайга качып барып, ал жакта да Манас айтып, оокат кылшкан. Алишер экөө 1917-жылы Ат- Башыдагы тайларына барып жан сакташат. Алар үркпөй калышкан. Ошол жылы август айында Ат-Башыдан агасы Алишер 55 жашында кайтыш болот. Залкар манасчы Сагынбай Орозбаков башында айтканыбыздай жеке эле манас айтпастан чоң ырчы да болгон. Анын “Жолбун ит”, “Замана”, “Сагынбайдын зары”, “Отоо чөпкө арнаган ыры”, “Шабданды кошкону” бүгүнкү күндө архивте сакталып турат. Аларды 150 жылдык маарекесине карата китеп кылып чыгарса болмок. Ошону менен бирге Сагынбай манасчы «Алтын Көкүл», «Эр Төштүк», «Абай менен Күбөйдүн чатагы», «Алтын сакал Айкожо», «Катагындын Кан Кошойунун эрдиктери», «Торгой менен Жылаан», «Санат ырларын», «Кыз узатуу» сыяктуу чыгармаларды аткарып элдин көңүлүн көтөргөн. 1988-жылдары Бозгунчу Оторбаев деген аксакалдан «Сагынбайдын жарамазанын» жазып алган элем. Тилекке каршы жазма дептеримди таппай калдым.. Улуу манасчыны көрүп жүргөн Кара- Күңгөй айылынын тургуну Сыдыбаев Керим аксакал менен көп маектештим. Ал мындай деп эскерет: - “Сагынбай “Манастан көрө Семетейге жакынмын”-деп айтчу эле.Бирок, тилекке каршы анын Семетей, Сейтек бөлүмдөрү жазылбай элге жетпей калды. Анын оозунан Ыбырай Абдрахманов тарабынан жазылган “Манастын” китеп дептери бар эле. Аны Каныбек Жунушовго бергемин. Санжыраны да жакшы айтчу” -деп бир топ ырларын айтып берген. Ошондон баян этели: Алгыр болсо тайганың, Алтындан чаап каргы так. Алалбаса тайганың, Айлансын аштан башка чап. Күмүш ээр атка чак, Атка чагы болбосо, Күмүшүн алып отко жак. Күйүшөөр тууган болбосо, Күлө багып жатка жак. Алтын ээр атка чак, Атка чагы болбосо, Алтынын алып отко жак. Ага-иниң жаман болгон соң, Арсаңдап күлүп жатка жак. Сагынбайдын ырынан насаат сөздөр билинип, акылмандуулуктун жыты сезилип, анын мыкты талант экени көрүнүп турат.Сагынбай Манасты кандай айтса ырды да ошондой эле нөшөөр төккөндөй сабалатып жиберчү экен.Ал көбүнчө насаат сөз түрүндө айтчу дешет. Аргымак аттын жакшысы, Азыраак оттоп көп жуушайт. Азамат эрдин жакшысы, Азыраак сүйлөп көп тыңшайт же болбосо: Сыймык деген эмине? Сен сылык болгун деги эле. Сыймык сынган чегедек, Ал сынса да кирбейт эбине. Дөөлөт деген бир байлык, Дөөрүп сүйлөйт наадандык. Акылмандын бир сөзү, Айткан сайын бир тайлык. Манасчынын айткан бул саптары адамдарды кыйла ойго салып, адамдарды адептүүлүккө, сыйчылдыкка үгүттөйт. Күркүрөгөн кара нар, Күчү пилге барабар. Соно соолуп караса, Сопсубу болуп тартылаар. Зуулдап учкан ак шумкар, Ал тоодакты тоют көрбөгөн. Колго тъшъп кор болсо, Ал таранчыга талпынаар. Керим аксакал Сагынбай Манастан башка ар кандай жомокторду айтып, уруулардын санжырасын да жакшы айткандыгын белгилейт.Ал: -Үч жүздү үйрүп бүт билип, Жалайыр чыккан Жаныштан. Оңду-солду башкарып, Жанкорооз чыккан Багыштан, деп санжыраны жорго сөз менен айткан. Санжыра айтканда кыргыз тарыхын Түрктөн баштап, Урузкан, Байгур, Алачтан өз дооруна чейин тараткан.Дин, шариятты да жакшы билгендиктен Манас айтканда санжыраны, динди кошуп, төгүлтүп айта берээр эле. Анысын байкаган Тыныбек манасчы да таалим берип «Манасты кошумча кошпой таза айт» деп эскерткен экен. Сагынбай аш-тойлордо жарчылык кылып, кыз-келиндерге кошок үйрөтүп, ыгы келгенде бирөөлөрдү мактап, жыйылган топто ырчы-комузчуларга баш болуп турган.Ошондуктан Токтогул ырчы “Мен Сагымбайдын ырчылыгына башымды ийдим” –деген. Ал акындар менен айтышкан эмес. Себеби белгилүү акын-ырчылар аны сыйлап айтыша алышпаган. Кадыр барктуу адамдар Сагымбайдын оозу шок- деп андан жалтанып, сыйлап турушкан.Белгилүү адамдар өлгөндө же алардын ашында, тойлордо атайы киши жиберип чакырттышкан. Бул Сагымбайдын канчалык баркы бар экенин түшүндүрөт эмеспи. Алсак Тыныстан, Байтерек,Бекчоро сыяктуу атактуу адамдардын ашында анын жар чакырганы белгилүү. Жарды “Сагымбай чакырды” деген сөз аркылуу байлар башкалардын алдында сыймыктанышкан... ...1922- 26 –жылдары Ыбырай Абдырахманов Манасты Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазып алган.Жазуу иштери жүрүп жатканда Манасчы ооруга чалдыгып, жакшы боло албай Семетей, Сейтек бөлүмдөрү кагазга түшпөдү. Ал Манастын жети муунун Алымсарык, Кулансарык,Кенен, Чынтемир жана башка дастандарды кошуп айтчу эле дешет аны көргөндөр.1929-жылдары айылдык активтер Манасчыга ыгым-чыгымды көп сала башташат. Ал каяша айтпастан аны төлөп турган.Аны “эки аял алгансың, бай- манаптын ырчысысың” деген жөнү-жок кодулоолор көп болгон. Аргасыз Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү карындашынын жанына көчүп барып,Тору-Айгырдагы көл жээгинде токой арасында боз үйгө кыштайт. Эл жакшы кабыл алгандан оорусунан бир аз тыңып, Манасты аз-аздап айта баштаган. Жазга маал оорусу кайра күч алганда, аялы Мария туугандарына кабар айттырат. Беш күндөн кийин Кочкордон туугандары барып, ал жактагы элдин каршы болгонуна карабай арабага салып жөнөшөт.Аңыртынын суусуна келгенде, суудан ичип алып жан берет.Ошентип 1930- жылы май айында залкар Манасчы дүйнө салып,Кош-Дөбөдөгү Аймамбеттин коктусуна коюлат. Мүрзөсүнө эл кыш куюп чоң коргон салышат. Сагымбайдын коргонунун тегерегинде башка мүрзө жок. 1992-жылы залкардын 125 жылдык мааракесине арнап,Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал учаскасына күмбөз тургузулуп, ал жерде маараке тою республикалык деңгээлде белгиленди.Ошондон бери Манасчыга куран окуймун дегендер Айгыр –Жалдагы күмбөзгө зыярат кылышып, сөөгү жаткан өз коргону унутта калып баратат. Эми быйылкы жылы 150 жылдык маарекесинде Аймамбеттеги өзүнүн коргонуна барчу жолду оңдоп,коргон,бейиттинин тегерегин гүлзарга айландырып, турисстер барчу, элдер зыярат кылчу жайга айландырбасак башка элге уят болобуз.Ошону менен бирге Манасчынын архивтеги ырлары китеп болуп окурмандарга тартууланса жакшы болоор эле. Мен Сагымбай залкардын 125 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча демилге көтөрүп, Советтик Кыргызстан гезитине "Манасчыга мазарбы" деген макала жазган элем. Ошондой эле 1990-жылдары Кочкор районунун демилгелүү жаштары "Сагынбай -Ата" коомун да түзгөн элек.Ал коом Кош-Дөбө айылдык советинен №14 чечими менен катталган. Аны райондук деңгээлге алып чыгып Майрамбек Деркенбаев, Жийде Аликеева, Нуржан Сакиева, Камчыбек Иманалиев, Бошкой Сатаев, Таалай Молдолиев жетектеп, Рай профком Сапар Алиев, Токой чарбаны директору Камазбек Жангабыловдор колдоого алышкан. Тилекке каршы ал кезде коомдук уюм түзүү тажрыйбабыз жоктуктан тароого мажбур болгон элек..


Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ. Кочкор району, Кара-Күңгөй айылы.

Ушул сүйлөмгө түшүнбөй атам түзөтүү

Андан соң Ак-Талаадагы кытаттардын арасында көчүп барып, анда эки кыштайт.Friendwip.kg (баарлашуу) 21:47, 15 Август (Баш оона) 2017 (UTC)

Ак-Талаадагы кытат уругу турган айылдар. --Chorobek (баарлашуу) 04:36, 16 Август (Баш оона) 2017 (UTC)
Return to "Орозбаков Сагымбай Орозбак уулу" page.