Тамга колтугуЫсык-Көлдүн түштүк жээгинен орун алган. Тамга суусунун чатын жайпап жатат. Тамга кыштагынан 2 км аралыкта. узундугу 0,7 км, туурасы кире беришинде 1 км, тереңдиги 20 мдей. Формасы кесилген пирамиданы элестетет. Жээктеринин эң жазы жери – 900 м, кууш жери – 370 м. Булуң түштүк-чыгыштан түндүк-батышка багытталган. Сол (түштүк-батыш) жээги тик, шагыл-таштуу. Колтукка жыгачтан пристань кошулган. Оң (түндүк-чыгыш) жээги жантайыңкы, кумдуу, Тамга суусу куят. Айрым жерлеринде бирин-серин чычырканак өсөт. Колтук терең болгондуктан суунун температурасы кышкысын 4°Сдан төмөн түшпөйт, жайкысын 17–18°Ска чейин гана жылыйт. Бул жерде суунун айлык орточо температурасынын жылдык амплитудасы 13,6°Сду түзөт. Батыш жана чыгыш тарапка соккон шамалдан ыктоо жайгашкандыктан, кеме токтоого ыңгайлуу. Жээгинде маяк орнотулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү