Татар кысыгыЕвразия материги менен Сахалин аралынын ортосунда. Жапон жана Охота деңизин (Невельской кысыгы, Амур лиманы жана Сахалин булуңу аркылуу) туташтырат. узундугу 663 км, туурасы түштүгүндө 324 кмге, түндүгүндө 40 кмге чейин, эң кууш жери (Невельской кысыгы) 7,3 км, эн тайыз жери фарватерде 8 м. Түндүк бөлүгү Амур лиманы деп аталат. Жээги түштүгүндө тоолуу, түндүгүндө түзөң. Суунун орточо температурасы жайында 10–12°С. Кышында тоңот; Япон деңизинде байкалган муздун 90%ти ушул аймакта калыптанат жана топтолот. Порттору: Ванино, Александров-Сахалинский, Невельск, Холмск, Лесогорск, Углегорск.

Татар кысыгы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү