Татта – Пакистандагы тарыхый шаар, Татта округунун административдик борбору. Кинджхар көлүнүн жээгинде жайгашкан. Калкы 37,9 миң (1998). Күмбөздөр, тарыхый (археологиялык архитектура) эстеликтер (Шах-Жахан мечити) ж. б. бар. Шаар жана анын некрополу Синд цивилизациясы жөнүндө уникалдуу эскерткич болуп саналат. 16-кылымда Синд мамлекетинин борбору болгон. 1981-жылы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү