Ташауз – Түркмөнстандагы шаар. Дашогуз шаарынын 1992-жылга чейинки аты. Дашогуз вилаятынын административдик борбору, 1924-жылдан шаар. Калкы 285,4 миң (2013). Темир жол станциясы. Аэропорту бар. Жеңил (килем токуу ж. б.), тамак-аш, айыл чарба машинасын ремонттоо өнөр жай ишканалары иштейт. Жогорку окуу жайлар, театр бар. 1681-жылы кербен сарай катары негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү