Тверь княздыгы - 13-15-кылымдагы түндүк-Чыгыш Рустагы феодалдык мамлекет.

Борбору - Тверь (1246-1485). Тверь княздыгында Кашин, Кснятин, Зубпов, Старина ж. б. шаарлар болгон.

13-кылымдын 30- жылдарынын аягы - 40-жылдарынын башында Владимир улуу князы Ярослав Всеволодович Переяслав княздыгынан Тверь княздыгын баласы Александр Невскийге бөлүп берген. 13-кылымдын 2-жарымынан Тверь княздыгы тез өнүгүп, саясий таасири күчөгөн. Княздык монгол-татар жапырыгына катуу каршыльш корсотуп, бир кыйлага чейин орустардын боштондук күрөшүнүн борбору болгон. Ал Москва княздыгы менен тең-тайлашып турган.

Тверь княздыгынын таасири 15-кылымдын 30-50-жылдарында Москва княздарынын өз ара феод, согушу кезинде катуу күчөгөн. 1485-ж. 12- сентябрда Москва княздыгынын аскерлери Тверь княздыгын басып алган соң ал өз алдынчалыгынан ажыраган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.