Тебриз, Тавриз – Ирандын түндүк-батышындагы шаар, Урмия көлүнүн жээгинде. Чыгыш Азербайжан останынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 1,44 млн (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу, текстиль, тамак-аш, булгаары – бут кийим, нефть ажыратуу өнөр-жай ишканалары иштейт. Килем токуу өнүккөн. 2010-ж. шаардагы Тебриз базары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Кол өнөрчүлүктүн жана миниатюра искнун көөнө борбору. Университет бар. 3–4-кылымдарда Сасаниддер негиздеген. 13-кылымда Ортоңку жана Жакынкы Чыгыштын ири шаарларынын бири. Бир нече жолу Ирандын аймагындагы ар кандай мамлекеттердин (анын ичинде Хулагулар жана Сефевиддер мамлекеттеринин) алгачкы борбору болгон. Алишах соборлору, мечити (14-к.; 19-кылымдын башынан цитадель), көк мечиттин чалдыбары (15-к.) сакталган.

Тебриз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү