Телекөрсөтүү камерасы, телекөрсөтүүчү камера, телекамера, ТВ – камерa –объектиден чагылган жарыкты өзгөртүп, аны аналогдук (окшоштук) телекөрсөтүү видеосигналына же цифралык телекөрсөтүүгө айланткан электрондук же электрмеханикалык түзүлүш. Телекөрсөтүү камерасы оптикалык бөрктөн (головка), электрондук блоктордон жана көрүнүш издегичтен (видеоискатель) турат. Оптикалык бөрктө объектив, түс бөлүүчү система жана жарыкты электр сигналына айлантуучу түзүлмөлөр жайгаштырылган. Телекөрсөтүү камерасы жана видеосигналды жазуучу түзүлүш менен бирге видеокамера же камкордер деп аталат. Алгачкы видеокамера 1920-ж. пайда болгон. Ал стационардуу, б. а. орнотулган орунда гана иштеген. «Көрмө магнитофон» пайда болгонго чейин (1956), видеосигнал сакталбастан, түз эфирге берилген. 1980- жылдардан баштап, штативге орнотулган стационардуу Телекөрсөтүү камерасы пайдаланылган. Бүгүнкү күндө Телекөрсөтүү камерасы компьютерлештирилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү