Темперация (лат. temperatio -туура катыш) - музыкалык добуш катарынын түзүлүшүн шарттаган добуш аралыктарын тегиздеп түзүү.

Добуштун бийиктик байланыштарынын татаалданышы, музыкалык көркөм каражаттардын түрлөнүшү, музыкалык аспаптардын өркүндөшү менен Темперацияга муктаждык пайда болгон. Темперация, 17-18-кылымдарда А. Векмейстер, И. Нейхардт, М. Мерсентарабынан такталып, иштелип чыккан. Ал эми тажрыйбада колдонулушуна жана кеңири жайылышына И. С.Бах чоң үлүш кошкон. Анын клавесин үчүн жазылган эки томдук «Жакшы темперацияланган клавир» деп аталган эмгеги бул добуш катардын бай мүмкүнчүлүктөрүн ачып көрсөткөн. Бүгүнкү күндө да 12 баскычтуу Темперация музыкадагы башка добуш катарларынын карама-каршылыктарын (мис., Пифагордук, таза, зоналык ж. б.) жана бөтөнчөлүктөрүн өтө ийкемдүү чечүүчү ыкма болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.