Теологиянын башталышы же «Теологиянын негиздери», проклдын (5-к.) чыгармасы, теориялык философия боюнча колдонмо; неопозитивизмдин негизги түшүнүктөрүн жана методдорунун өзүнчө бир жыйындысы сыяктанган жападан жалгыз эмгек. 211 параграфтан турат, алардын баштапкы 112си неоплатончул философиясынын оппозиция түрүндөгү категорияларына арналган: жеке-көп, келип чыгуучу – чыгаруучу, жөнөө-кайтуу,өзүнө-өзү ээ эмес, өзүнөн өзү кыймылдаган – башканын таасиринен кыймылдаган, түбөлүктүүлүк жана убактылуулук, бүтүн жана бөлүк, (жарты) пределдүү-пределсиз, чеги бар-чеги жок чексиз). Бул категориялар болмуштан сырт башталыш – бирдиктүүдөн келип чыккан болмуш иерархиясынын фонунда (акыл-жан-дене) каралат (параграф 20: «Баарынан жогорку дене – жандын маңызы, баарынан жогорку жан – ойлоо табияты, баарынан жогорку субстанция – бирдиктүү»). Калган 99 параграф бул оппозициялардын болмуштан сырт генад-кудайлардын, акылдын (нустун) жана жандын сферасын конструкциялоодо кандай функция аткарганын мүнөздөйт.

«Теологиянын башталышы» физика менен этика проблемаларына кирбейт. «Теологиянын башталышы» Псевдо Дионисия Ареопагитанын жазылышына, ал аркылуу бүткүл Орто кылымдын философиясына таасир эткен. Орто кылымдарда ашкере даңазалуу болгон «Себептер туурасында китеп», « 

Теологиянын башталышынын» арабча котормосунун негизинде түзүлгөн латынча компиляция. 12-кылымда Теологиянын башталышы грекчеден латынчага Вильем Мербек тарабынан которулган. Бул котормону «Себептер туурасында китеп» менен жакшы тааныш болгон Фома Аквинский пайдаланган. Теологиянын башталышынын кол жазмаларынын көпчүлүгү 15–16-кылымдарга таандык. Пико дела Мирандолдун белгилүү «Тезистеринде» 55 тезис Теологиянын башталышынан алынган. 16-кылымдан баштап ар түрдүү авторлор тарабынан Теологиянын башталышынын латынчадан грекче, 20-кылымда англисче котормолору бир нече ирет басылган. Теологиянын башталышынын орусчасы А. Ф. Лосевдин котормосунда «Теологиянын алгач негиздери» деген аталышта 1972-ж. жарык көргөн.


Колдонулган адабияттар түзөтүү