Тере́за апа (толук ысмы – Калькутталык Тереза апа, чыныгы ысмы — Агнес Гонджа Бояджиу, алб. Agnes Gonxha Bojaxhiu) — католикалык кечил, кедейлерге жана бейтаптарга кызмат кылган «Sisters of Missionaries of Love» аттуу аялдык монахтык конгрегациянын негиздөөчүсү. Тынчтык Нобел сыйлыгынын лауреаты. 1997 жылы АКШнын эң жогорку сыйлыгы – Конгресстин Алтын медалы ыйгарылган.

Тереза апа

Өмүр-баяны түзөтүү

Агнес Гонджа Бояджиу 1910 жылы 26 августта македондук Скопье шаарында албандардын үй-бүлөсүндө туулган.

Он сегиз жашында ал «Ирландык Лоретодон сестралар» аттуу монахтык орденге кирген. 1931 жылы Агнес Гонджа Бояджиу чачын кыркып, монах болуп, Лизьеден Терезанын (ал өзүнүн кайрымдуулугу жана ырайымдуулугу менен белгилүү болчу) урматына жаңы Тереза ысмын алган.

Тез арадан кийин орден аны Калькуттага жөнөттү, ошол жерде ал 20 жыл боюу ыйык Мариянын айымдардын мектебинде сабак берчү. 1946 жылынын 10 сентябрында ал ордендин жетекчилигинен кедейлерге жана үйү-жайы жок адамдарга жардам бергенге уруксат алды. 1948 жылы болсо ал ушул жерде «Sisters of Missionaries of Love» аттуу монахтык коомдун конгрегацияны ачты. Бул уюм кишинин динине, улутуна карабастан кедейлерге жана катуу ооруп жаткан адамдарга мектептерди, ооруканаларды, убактылуу турак жайларды салчу.