Терек-Даван ашуусуАлай кырка тоосунун чыгышында, Терек-Суусунун башында. Бийиктиги 4135 м. Девондун метаморфизмделген тектеринен турат. Түндүк капталы (тескейи) тигирээк, катаал, кар-муздуу, көчкү жүрөт; күнгөйү тайпагыраак, корум, шагыл таштуу. Фергана менен Кашкарды байланыштырган белгилүү ашуу. Жолунун татаалдыгына карабастан, чукул болгондуктан кербенчилер Терек-Даван ашуусу аркылуу көбүрөөк ашкан. Ферганадан Индияны көздөй жөнөгөн орус саякатчысы Ф. Ефремов аны 1780-ж. ашып өткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү