Тери ашатуу - тери иштетүүнүн элдик ыкмасы.

Тери иштетүү (Марокко).

Ал малчылык менен кесип кылган кыргыз, казак ж. б. көчмөн элдерге кеңири тараган. Жады союлган майда жандыктын териси тегиз, күнөс жерге жайылып кургатылат, бетине ашаткы (туз, айран, ун же улпак аралашмасы) сыйпалат. Ал кургап баратканда ашаткы 4-5 идет кайталанып сыйпалып, күндүн илеби кайткан соң, тыкан оролуп кокнтат. Ушундай ыкма 7-10 кунче кайталанат да, тери ийине келгенде нымыраак бойдон баканга арта салынып, келеке жерге жайылат. Кээде тери (көбүнчө бодо малдын, кийиктин териси) чоң челекке куюлган ашаткыга (малмага) салынып, күн алыс аралаштырылып, 6-7 күнчө ашатылат.

Тери ашатуунун бул ыкмасы малмага салуу деп аталат. Мындайча ашатылган тери өддөлүп, ийленип, боёлгон соң ар кыл идиш (көөкөр, көнөчөк), кийим-кече (өтүк, маасы, жаргак шым, тон, ичик, тебетей, кол кап, тумак ж. б.), ат жабдыктары ж. б. жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.