Термотүгөй – түрдүү тектеги эки өткөргүчтүү температураны билдиргич.

Ал металл өткөргүчтөрүнөн, кээде гана жарым өткөргүчтөн жасалат. Термотүгөйдүн иштөөсү Зеебек эффектисине негизделген. Эгерде Термотүгөйдү түзгөн элементтердин тиймектери түрдүү температурада болсо Термотүгөйдүн тизмегинде ЭКК пайда болот да анын чоңдугу ысык жана муздак тиймектин жана термоэлектрод катары колдонулган материалдын жаратылышынын температурасын бир маанилүү аныктайт. Металл өткөргүчтөн жасалган Термотүгөйдүн ЭКК 5–60 мкВ/К чегинде болот, ал эми жарым өткөргүчтүү Термотүгөйдүн ЭККан чоң. Термотүгөйдүн жардамы менен температураны аныктоо тактыгы бир нече К, кээ бир Термотүгөйдө ~0,01 Кге жетет. Термотүгөй температуранын түрдүү диапазонунда пайдаланылат. Б. а. өтө жогорку жана төмөнкү температураларды өлчөөгө мүмкүндүк берет. Температураны өлчөөчү түзүлүштөрдө жана башкаруу менен контролдоонун түрдүү автоматташтырылган системаларында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү