Термохимия — реакция жылуулук эффектисин аныктоону жана алардын ар кандай физ.-хим. параметрлерге болгoн көз карандылыгын камтыган химиялык термодинамика бир бөлүгү. Т. реакциялар жылуулук эффектисин, заттар жылуулук сыйымдуулугун, фазалык өтүүнүн жылуулугун эсептеп чыгарат. Т. негизги экспериментгик методу — калориметрия. Т. 18-к. пайда болгон. Химиялык реакциянын жылуулук эффектисин жана жылуулук сыйымдуулугун өлчөө за-рылдыгын М. В. Ломоносов белгилеген. Ал эми Т. өлчөөлөрдү биринчи жолу А. Лавуазье, П. Лаплас жүргүзүшкөн. Г. И. Гесс, М. Бертло жана башка андан ары өнүктүрүшкөн. Т. изилдөөнүн маалыматы жана закон ченемдүүлүгү технол-лык процесстер жылуулук балансын түзүү, химиялык теңдештикти эсептөө, заттар энергиялык мүнөздөмөсү менен алардын курамы, түзүлүшү жана реакцияга жөндөмдүүлүгүнүн ортосундагы байланышты аныктоого мүмкүндүк берет. Биол-лык процесстер, беттик кубулуш, полимерлешүү Т. изилденүүдө. Эритмелер Т., б. а. эритмелер жылуулук сыйымдуулугун, эрүү, аралашуу, буулануу темп-расын, ошондой эле алардын температура менен концентрацияга көз карандылыгын аныктоо чоң мааниге ээ болду. Т. маалыматгар практикада аппаратуралар үчүн эсептөөлөрдү, жылуулук балансын, берилген процесстин оптималдуу режимин эсептөөдө жана башкалар колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү