Теңизбай ашуусуАлай кырка тоосунда. Дароот (Кызыл-Суунун оң куймасы) жана Кичи-Алай сууларынын башанан орун алган. Бийиктиги 3627 м. Ашуунун аймагында пермдин башында пайда болгон сиенит, диорит, гранит-диорит интрузия тектери жатат. Мойногу түзөң, капталдары тик эмес, кышында аз убакыт бекип калат. Ашуу илгертен эле Алай менен Фергананы байланыштырып турган. Мал чарбасында мааниси зор.