Тибеттиктер (өздөрүн пёба деп айтышат) – эл, Тибеттин жергиликтүү калкы. Негизинен Кытай (4750 миң, Тибет автономиялуу району, Ганьсу провинциясы, Цинхай, Сычуань, Юньнань), Индия (70 миң), Непал (50 миң), Бутан (5 миң), ошондой эле Швейцария, АКШ жана Улуу Британияда да жашашат. Тибет тилинде сүйлөшөт. Негизги калкы буддизм динин тутат. Тибеттиктердин ата-бабалары палеолит жана неолит мезгилинде эле Тибет аймагын мекендеп, 6-кылымда өздөрүнүн мамлекетин түзгөн. Тибет башкаруучулары коңшу мамлекеттер (Кытай жана Индия) менен мамилелешип, далай-лама жана панчен-лама башында турган башкаруунун теократтык формасын кабыл алган. 1959-ж. Тибет КЭРдин курамына кирген сон, көптөгөн Тибеттиктер (анын ичинде Далай-Лама XIV) көз карандысыздык үчүн чет өлкөлөргө качып кетип, Тибеттиктердин улуттук-мамлекеттүүлүк укугун коргоо боюнча активдүү иш жүргүзүүдө. 2009-ж. 10-мартта бүткүл дүйнө боюнча тибеттик-эмигранттар Тибетте болгон кытайларга каршы көтөрүлүштүн 50 жылдыгын белгилешип, кытай коопсуздук кызматынын колунан курман болгондордун жана көз карандысыздык үчүн күрөшкөн жоокерлердин эстелигин тургузушкан. Индиянын түндүгүндөгү Дхарамсал шаарында тибет элинин рухий жана саясий лидери Далай-Лама XIVжүз миңдеген Тибеттиктердин өлүмүнө Кытай өкмөтүн күнөөлөп, Тибет автономиясын түзүүгө чакырган. Дыйканчылыкта, мал чарбачылыгында эмгектенишип, кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Тибеттиктерде байыртадан элдик медицина өнүккөн. Эркектерди салттуу күрмө, ыштан, сыртынан узун жендүү халат кийип, кур курчанат, жайкысын кездеме оронот. Кийимдери чөнтөксүз тигилгендиктен, бардык буюмдарын (анын ичинде тамак ичүүчү жыгач идиштери да бар) койнуна салып жүрүшөт. Аялдары – кыска кофта, юбка, узун, жеңсиз күрмө кийип, алжапкыч тагынып, кооздуктарды колдонушат. Улуттук тамак-ашы негизинен – дан, сүт, эт азыктары, суусундук катары сыра (чанг) ичишет. Маанилүү майрамдары – Жаңы жыл (Лосар, Ло Гсар), Фонар, «Айран майрамы» (Шодун, Шотон), Түшүм майрамы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү