Тиричилик формалары

Тиричилик формалары, билогиялык формалар - өсүмдүктөрдүн чөйрөнүн шартына ыңгайлануусун чагылдырган сырткы кебетеси (габитус).

Тиричилик формалары негизинен өсүмдүктөрдүн жер астындлгы жана жер үстүндөгү вегетатив органдарына көз каранды, алардын өөрчүшүнүн ритми менен тиричилигинин узактыгына байланыштуу. Эволюциянын жүрүшүндө Тиричилик формалары түрдүү климат, кыртыш жана биоценоз шарттарынын натыйжасында келип чыгат. Бир эле түр ар кандай шарттарда ар башка Тиричилик формаларына ээ болот (эмен, бук, карагай, түркстан арчасы ж. б.). Булар тоодо жана токой зонасында - бийик дарак, түндүктө жана бийикте бадал сымал же жерге төшөлүп өсмө дарак. Жаныбарлардын Тиричилик формалары - бирдей чөйрөдо жашоо үчүн окшош экология-морфол. ыңгайланууга ээ болгон, систематикалык жактан туугандаш жаныбарлардын тобу (негизинен чукул туркум же тукум). Тукумдаш эмес орга- низмдер окшош чөйрөдө жашоого ыңгайланышса да, оз ара айырмаланын турат (мисалы, куштардын жана сүт эмүүчүлөрдүн сууда сүзүүгө же чумкууга ыңгайланышы).

Тиричилик формаларын изилдоо организмдердин ыңгайланып өзгөрүү жолдорун жана жашоо чөйрөсүнүн өзгөчөлүгүн аныктоого жардам берет.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.