Тихонов Вячеслав Васильевич

Тихонов Вячеслав Васильевич (8. 2. 1928, азыркы Москва облусу, Павлов Посад шаары – 4. 12. 2009, Москва) – орус актёру, СССРдин эл артисти (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1982). 1945–50-жылдары ВГИКте (профессор Б. Бибиковдон таалим алган) окуган. Актёрдук дебюту С. Герасимовдун «Жаш гвардия» фильминде Володя Осьмухиндин ролу менен башталган. Тихоновдун аткарган ролдору: Гриневский («Тынчтык күндөрүндө», 1950), Александр Иванович Горелов («Максимка», 1952), студент Ростислав Данченко («Буну унутпоо керек», 1954), тракторист Матвей Морозов («Бул иш Пеньковдо болгон», 1957), Виктор Андреевич Райский («Ч.П. – өзгөчө окуя», 1958), Рукавичкин («Май жылдыздары», 1959), мичман Панин («Мичман Панин», 1960), Алексей («Оптимисттик трагедия», 1963), Андрей Бал конский («Согуш жана тынчтык», 1967), Илья Семёнович Мельников («Дүйшөмбүгө чейин жашайлы», 1968), Макс Отто фон Штирлиц («Жаздын он жети көз ирмеми», 1973), Стрельцов («Алар тынчтык үчун күрөшкөн», 1976), Иван Иванович Иванов («Кара кулак ак Бим», 1977) ж. б. «Дүйшөмбүгө чейин жашайлы» фильминде И. С. Мельниковдун ролу үчүн СССР мамлекеттик сыйл. (1970), «Жаздын он жети көз ирмеми» фильмдеги Штирлицтин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн бир тууган Васильевдер атындагы мамлекеттик сыйл. (1976), «Кара кулак ак Бим» фильмдеги И. И. Ивановдун ролу үчүн Ленин премиясы (1980) жана көптөгөн сыйлыктар. Өткөөл мезгилдеги чыгармачылыгы: Станислав Васильевич Кандинский («Булвардык роман», 1994), Всеволод Константинович («Күндөн алсырагандар», 1994), Фёдор Фёдорович («Унутта калган - Сүйүктүү досум, 1996), балдар үйүнүн директору («Күтүү залы», 1998), Левка Моргулис («Жеңиш күнүнө арналган сочинение», 1998), Георгий Астахов («Берлин экспресси», 2001), окумуштуу абышка («Карышкыр көз карашы», 2005) ж. б. фильмдерге тартылган. Октябрь Революциясы, «Ардак Белгиси», «Мекен алдындагы эмгектери үчүн» – IV, III даражадагы, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

1998

Колдонулган адабияттар түзөтүү