Тойчинов Ыбрай (1901, азыркы Нарын областы, Ат-Башы району, Төш-Булак айылы - 1936) - мамлекеттик жана саясий ишмер.

Ат-Башыдагы орус жергиликтүү мектебинде билим алып, кийин Верныйдагы (Алматы) гимназияда окуган. 1918-ж. ВКП(б)га мүчөлүккө кабыл алынган. 1930-ж. партиянын Нарын уезддик мусулман бюросунун төрагасынын орун басары, 1920-21-ж. Түркстан КП БКнын Бухара майданында саясий кызматкер. 1921-24-ж. Нарын уезддик ревкомунун төрагасынын орун басары, бөлүм башчысы, Нарын, Каракол уезддик аткаруу к-ттеринин төрагасы, партиянын Нарын шаардык к-тинин жооптуу секретары, 1924-ж. Kapa Кыргыз автономия областынун (ККАО) ревкомунун төрагасынын орун басары, 1926-ж. Пишпек округдук аткаруу к-тинин төрагасы, 1930-33-ж. Кыргыз мамлекеттик басмаканасында башкы редактор, башкармалыктын төрагасы, 1934-ж. Кыргыз АССР КП БКнын басмаканасынын директору, Кыргыз АССР эл агартуу комиссарынын орун басары болуп иштеген. ВКП(б)нын 14-съездинин делегаты (1925). 40тай илимий эмгектин автору. 1935-ж. февралда «буржуазиячыл улутчул» катары күнөөлөнүп, партиядан чыгарылган жана камакка алынган. 1990-ж. 25-апрелде партиялуулугу калыбына келтирилип, акталган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4