Токоев Асан [1927-ж. т., Талас району, Бүргө (мурдагы Чоң-Токой) айылы] — акын.
1962—65-ж. А. М. Горький атындагы жогорку адабият институтунда (Москва) окуган.
1942—46-ж. өз айлында тракторчу, 1951—54-ж. Жалал-Абад облусунун Ачы совхозунда бухгалтер, 1965-67-ж. Казакстандын Карагандысында тракторчу болуп иштеген.
«Жүрөк сүйлөйт» (1958), «Ак Зыйнат» (1960), «Мекентай» (1961), «Таңда» (1966), «Ак Зыйнат» (2-бөлүм, 1967), «Жайкы булут» (1968), «Сапардагы ырлар» (1983), «Черт комузду» (1988) ыр жыйнактарынын автору.
К. Чуковскийдин, А. Некрасовдун, С. Бургундун, А. Незиндин чыгармаларын которгон. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.