Токуу - белгилүү, дайыма кайталанып туруучу ыкмалардын жардамы менен жиптен илинчектерди жасоо аркылуу жасалгаларды жасоо техникасы.

Илинчектер жиптерди биринин үстүнө экинчисин таштоо, чырмалыштыруу, ошондой эле түйүндөө жолдору менен жасалат. Токуу кол менен да, механикалык жол менен да жүргүзүлөт. Кол менен токууда манжалар менен же илмек, чөлмөк ж.б. каражаттар менен иштөөгө болот. Археологиялык маалыматтарга жана азыркы аңчылык, жыйноочулук, балыкчылык менен тиричилик кылган элдерде кездеме жасоонун таралышына таянып, жогоруда аталган ыкмалар маданияттын эң алгачкы баскычтарында эле пайда болгон деп айтууга болот. Мындай жасалгаларды азыр Түштук Америкада, Жаңы Гвинеяда жана Австралияда кезиктирүүгө болот. Бул ыкмалар менен буюмдарды ташуу жана сактоо каражаттары, аңчылык жана балыкчылык торлору, кийим, кооздук буюмдары, эс алуу жана түнөө жайлары (Түштүк Америкадагы гамактар), сыйынуу буюмдары ( Жаны Гвинеяда бет кап, бийлөөчүлөрдүн шарттуу белгилери) жасалган. Узун ийнелер жана илмек менен токуу маданияты кыйла жогору турган элдерде тараган, бирок эрте дыйканчылыктагы элдерде да жолугат.

Илмек, узун ийнелер менен токуу ыкмасы өнүккөн жерлерде эски ыкмалар унутулган. Уруулук коомдо токуу көбүнчө аялдардын жумушу болгон, ага эркектер да аралаша алган. Кол менен токуу көбүнчө узун ийнелер аркылуу ишке ашырылган. Ийнелер жиптин жоондугуна карата жасалган жана байпак, кол кап ж.б. токулган. Узун ийнелер менен токуу Афганистанда, Турцияда, Сирияда, Монголияда, Түндүк Кавказ элдеринде эзелтеден кеңири колдонулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.