Толедо - Испаниянын борбордук бөлүгүндөгү музей-шаар.

Толедо провинциясынын жана Кастилия-Ла-Манча автономия областынун адм. борбору. Тахо д-нын боюнда. Калкы 85 миң (2010). Металл буюмдарын жасоо (алардын ичинен корридага керектүү атрибуттар) кол өнөрчүлүгү өнүккөн. 68-кылымда вестготтор мамлекетинин, 11-кылымда эмирликтин, 1085-жылдан Кастилия жана Леон королдугунун, 1479-1561-ж. бириккен Испаниянын борбору болгон.

Рим циркинин, акведуктун, о. кылымдагы фортификациянын калдыктары сакталган. Дарбаза (9-12-к.), мечит, (10-к.), чиркөөлөр (ренессанс стилиндеги), собор (13-15-к.), Алькасар сепили (16-18-к.), Эль Греконун үй-музейи бар. 1986-ж. шаардын тарыхый борбордук бөлүгү Буткүл дүйнөлук мурастын тизмесине кирген. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4