Тонюкук

Чыгыш Түрк кагандыгы тархан, ягбу жана анын негиздөөчүлөрүнүн бири

Тонюкук (байыркы. түрк. ‏𐰋𐰃𐰠𐰏𐰀:𐱃𐰆𐰪𐰸𐰸‎,[2] кыт. 暾欲谷) — түрктөрдүн саясий жана аскердик ишмери, Чыгыш Түрк кагандыгынын тарханы, ягбу жана анын негиздөөчүлөрүнүн бири.[3]

Тонюкук
𐰋𐰃𐰠𐰏𐰀 𐱃𐰆𐰪𐰸𐰸
Экинчи Чыгыш Түрк Кагандыгынын тарханы
681 — 716
 
Дини: Теңирчилик
Туулган жылы: 646 жыл(0646)
Туулган жери: Юлин, Таң империясы[1]
Каза болгон жылы: 724 жыл(0724)
Уруусу: Ашиде
Балдары: Кутлуг Сабаг Катун

Өмүр баяны түзөтүү

646-жылы Туул дарыясынын жанында Ашиде уруусунан төрөлгөн. 679-жылы Таң династиясынан качып, 681-жылы Элтеришке кошулган.

Кытай булактарында Тонюкуктун аты Юаньчжэнь болгондугу, ал бардык кытай салттарын үйрөнүп, чек аралардагы жана Кытай дубалындагы боштуктарды жакшы билгени айтылат. Ал Чаню аскер губернаторлугунда багынып берген кландарды көзөмөлдөп турганда аскер губернатору Чанших тарабынан кызматтан бошотулуп, түрмөгө камалган.[4]

Үй-бүлөcү түзөтүү

Ал Элетмиш Билга Катундун атасы жана Билге Кагандын кайын атасы, ошентип Йоллыг менен Теңри Кагандардын чоң атасы болгон.

Дагы караңыз түзөтүү

Булактар түзөтүү

  1. Schlegel, 1892, p. 13
  2. İlhami DURMUŞ. "BİLGE TONYUKUK Tonyuquq the Wise". 3 (1). Asya Araştırmaları Dergis.
  3. Хандан эки даража төмөн карапайым адамга берилген онгун (наам).
  4. Айдин 2017, бет. 104