Топаз (санскрит тилинде «tapas » - от) - силикаттар классына кирүүчү минерал. Хим. курамы Al2 (F, ОН)2 Sİ04. Ромб системасында кристаллдашат.

Топаз.

Өңү сары, ак, күрөн сымал, кызгылтым, көк, кээде түссүз. Катуулугу 8. С. салмагы 3,4-3,6. Өңү ак-боз, көгүш, кызгылт, жашыл сымал. Топаз гранит интрузиясы менен байланышта болуп, көбүнчө пегматит тарамдарында жана пневматолит кендеринде талаа шпаты, кварц, турмалин, берилл ж. б. минералдар менен бирге кезигет. Топаз асыл жана кооз таш катары жана абразивдүү аспаптарды жасоодо пайдаланылат. Топаз - 2-даражадагы асыл таш. Экинчи аталышы - тоо хрусталы же кварц.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4