Тоң (Аксай) булуңуЫсык-Көлдүн түш. жээгиндеги булуң. Бөкөнбаев кышнан 11 км түн.-батышта. Булуңга Аксай м-н кошулуп, Тоң суусу куят.

Булуң голоценде көлдүн деңгээли көтөрүлүп, Тоң суусунун өрөөнүн суу жайпап калышынан пайда болгон. Өрөөндүн суу астындагы уландысы 110 м тереңдикке чейин жетет. Булуңдун уз. 3,2 км, туурасы кире беришинде 2,1 км, тереңдиги 60 м. Жээги бийик болгондуктан шамал м-н толкундан ыктоо жайгашкан. Жээги тик, тектирлүү; шагыл таштан, кумайлуу чопо тектеринен турат. Жээгинин көп жери суу м-н жемирилген. 3 м бийиктиктеги урчуктарды улай кумдук ж-а конгломераттардын жалпак сыныкчалары үйүлүп жатат. Жогорку плейстоценде түзүлгөн «бийик тектирлер» 1620–1650 м бийиктикте кездешет. Алар катмарлуу бозомук жашыл кумдардан турат. Тоң суусунда севан жилингири ж-а ысыккөл көк чаары көбөйтүлө турган балык заводу бар. Таманын хара балыры м-н кара баткак ээлейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2