Трайбализм

уруулар же уруулук жашоо образы тарабынан уюштурулган же аларды жактаган абал

Трайбализм, трибализм (лат. tribus – уруу) – маданий-турмуштук жана коомдук-саясий уруулук обочолонуу. Уруулар арасындагы карама-каршылыктардын бир көрүнүшү. Учурда коомдук-саясий турмушту салттык-уруулук мамилелерге негиздеп жүргүзүү көрүнүшү жолугат. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде, айрыкча Африка жана Азия өлкөлөрүндө, саясий система уруулук мамилелерди, идеологиялык көз караштарды, маданий-турмуштук өзгөчөлүктөрдү ж.б. эске алуу менен түзүлөт. Мурда колониалдык абалда өнүгүп келген Борбордук жана Түштүк Африканын мамлекеттеринде уруулук өзгөчөлүктөр эске алынбай; саясий бийлик өлкөнүн ичиндеги уруулардын бирине өткөн учурда нааразычылыктар күчөп, коомдук-саясий кырдаал кескин курчуп, айыгышкан кан төгүүлөрдө миңдеген адамдар бейкүнөө курман болушкан. Трайбализм түшүнүгүн Кыргызстандын азыркы мезгилдеги коомдук-саясий өнүгүүсүн мүнөздөө үчүн колдонуу илимий-теориялык жана практикалык жактан туура эмес. Анткени, Кыргызстанда саясий система – коомдук-саясий турмуш толугу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын граждандары улутуна, жынысына, динине, саясий көз-караштарына карабастан бирдей укуктуу. Бирок, кыргыз элинин менталитетинде уруулук-салттык коомдо калыптанып калган айылдаштык, жердештик, бирин-бири көтөрмөлөө, бөлүнүп-жарынуу сыяктуу көрүнүштөр сакталып калган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.