"Трамбо" (англ. Trumbo) — 2015-жылы экрандаштырылган Американын биографиялык драмасы. Режиссеру Жэй Роуч, сценарийдин автору Жон Макнамара. Тасмада роль жараткандар Брайан Крэнстон, Дайан Лэйн, Хелен Миррен, Луи Си Кей, Элл Фэнниң, Жон Гудман жана Майкл Сталберг. Тасма Брүс Александр Кук тарабынан жарык көргөн "Дэлтон Трамбонун биографиясына" негизделип тартылган, Голливуд сценаристи Дэлтон Трамбонун окуясына көрүүчүлөрдү жетелейт.

Тасма 2015-жылдагы Торонто кинофестивалынын "Атайын чыгарылыштар" бөлүмүндө 12-сентябрда көрсөтүлүп, кинотеатрларда Bleecker Street компаниясы тарабынан 6-ноябрдан тарта көрүүчүлөргө сунуштала баштаган. Тасма жалпы жонунан оң ой-пикирлерге ээ болгон. Башкы ролдогу Брайан Крэнстон бир нече сыйлыктарга, анын ичинде Оскардын "Эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн. Ал эми тарыхый инсандар менен окуяларды бурмалап туура эмес чагылдырганы үчүн сынга алынган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү