Трахеотомия (латын тилинен tracheostomia (байыркы грек тилинен τραχεῖα — дем алган кекиртек жана στóμα — тешик, өтүш)) — коко менен кекиртектен аба өтпөй калганда кекиртекти тешүү операциясы.
Трахеотомия дем алуу жолуна бөтөн нерсе түшкөндө, күйүктө, шишикте, травмада, жалган жана чыныгы крупта дем алууну калыбына келтирүү үчүн жасалат. Коко кысылганда дем алуу кыйындан, тездейт, эриндери, бети көгөрөт (Цианоз), алы кетет. Оорулуунун мындай абалы өтө коркунучтуу, анткени дем алуу жолу толук бүтөлүп калуусу мүмкүн.
Андыктан оорунун алгачкы белгилери байкалары менен медициналык тез жардам чакыруу керек. Мындай оорулуу ооруканага жаткырылат, керек учурда трахеотомия жасалат. Операцияда жасалган тешикке металл же пластмасса түтүгү коюлат. Ал ички жана сырткы түтүктөн туруп, ички түтүк тазалап туруу үчүн оңой алынат. Айрым учурда оорулуу ооруканадан ошол түтүк менен чыгышы мүмкүн. Мындай учурда оорулуу өзү ички түтүктү чыгарып тазалап, жууп, кайта ордуна коё билүү керек. Ал эми сырткы түтүктү врач гана алат. Оору жакшы болгондо түтүктү алып, орду тигилет.

Жасалган трахеотомия:
1 - Үн байламталары
2 - Калкан сыяктуу кемирчек
3 - Оймоксымак кемирчек
4 - Коко кемирчеги
5 - Балон алкагы
Трахеотомиялык түтүкчө алкагы менен

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8