Триггер - эки активдүү элементи (транзистор) бар аракетке келтирчү түзүлүш же схема.

Ал тескери байланыш менен камсыз кылуучу туруктуу эки тең салмактуу абалдын биринде узакка чейин боло алат. Триггердин киришине берилген сырткы сигнал анын абалын өзгөртөт. Триггердин негизги жана инверс деген эки чыгышы болот. Ар бир абалына деңгээли менен айырмаланган белгилүү сигнал дал келет. Кандайдыр бир абалда Триггердин негизги киришинде жогорку деңгээлдеги, ал эми инверсте төмөнкү дедгээлдеги сигналдар түзүлөт. Триггер поляризацияланган реле, эске тутуучу чөнөк, санагыч, автоматиканын жана эсептөө техникасынын логикалык элементи катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.