Тунук
Тунук — Кыргыз Республикасынын Чүй облусун Жайыл районундагы айыл. Суусамыр айыл округу курамына кирет.
Отурукташкан жай
Тунук
|
Инфратүзүмү
түзөтүүТунук орто мектеби - Бегимкулов Иманжан атындагы Суусамыр айыл аймагына караштуу Тунук кыштагында жайгашкан.
1936-37-жылдары алгач башталгыч мектеп уюштурулган. Анда мектептин директору болуп Чүрөшов Солтогул иштеген. 1974-жылдан негизги (директору Ибраимкулов Рыскулбек), 1987-жылдан орто мектеп (Өмүркулов Шейшенаалы) болгон. Учурда мектепте 25 мугалим (а. и. 3 эл агартуунун отличниги) эмгектенип, 240 окуучу билим алат. 2008-жылы мектепке СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, мурунку башталгыч мектептин директору Бегимкулов Иманжандын ысмы ыйгарылган.
Калкы
түзөтүүКалкы - 729 киши.[1] Калып:Kyrgyzstan-stub
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Чуйская область. Текшерилген күнү 26 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.