Тургунбаев Сүйөркул - акын.

Сүйөркул Тургунбаев Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында 1940-жылы 12-июнда туулган.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны.

1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1964-жылы Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили саба-гынан мугалим болуп иштөө менен баштаган.
1966-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер,
1970–1984-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы,
1986–1988-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи болуп иштеген.

Биринчи поэтикалык жыйнагы «Бизде баары сүйлөйт» деген ат менен 1966-жылы басылып чыккан. Ал бир катар ырлар жана поэмалар жыйнак-тарынын, адабий сын макалалардын автору, В.Маяковскийдин, М.Ю.Лермонтовдун, И.Чавчавадзенин, Я.Шивазанын ырлары, моңгол эл-дик поэзиясын ж.б. кыргызчага которгон.
1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Күндүн көзү. – Б.,2006. – 298 б.

Бизде баары сүйлөйт: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1966. – 16 б.

Салам, жаш өмүр: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 54 б.

Кечки троллейбус: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 60 б.

Замандаштын дүйнөсү: Сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 91 б.

Жарыктын ыры: Ырлар жана поэмадан фрагменттер. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 76 б.

Эки аска: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 100 б.

Касиет: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 135 б.

Жылдыз: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, – 1989.

Орус тилинде

Новый день: Стихи, поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 112 с.

Признание в любви. – Ф.: Кыргызстан – 1973.

Запах арчи (коллектив). – Ф.: Кыргызстан – 1986.

Башка элдердин тилдеринде

Ысык-Көл саамалы (коллектив). – Алматы. «Жазушы» – 1986 – каз.

World Literature Todau (USA). (Литература Центральной Азии (антология. Англис тилинде цикл ырлар). –1996. – анг.

КОТОРМОЛОР

Араттар ыры: Монгол элдик ырлары. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 124 б.

Евтушенко Е. Энем жана нейтрон бомба. – Ф.: Адабият, 1988.

Шевченко Т. Кобзарь. – Ф.: Кыргызстан, 1990.

Навои А. Өлбөстүк гүлү. – Ташкент, 1991.

Чавчавадзе И. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1984.

Лермонтов М. Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983.