Рафик Тургунбеков (29-ноябрь, 1928 — 2-октябрь, 1998-жыл) — белгилүү юрист, юридика илимдеринин доктору (1976), профессор (1993), Кыргыз Улуттук Билим Академиясынын муче-корреспонденти.

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Тургунбеков Рафик 1928-жылдын 1-ноябрында Чүй областынын Панфилов районунун Кум-Арык айылында туулган. 1949-жылы Алматы мамлекеттик юридика институтун бүтүргөн. Өзүнүн эмгек жолун республиканын прокуратура органдарында баштаган.

1956-1958-жылдары – СССР Илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун аспиранты. 1958-жылдан баштап – Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Философия жана укук институтунун илимий кызматкери, 1961-жылы – улук илимий кызматкер. 1964-жылдан баштап адегенде сектор башчысы, бөлүм башчысы, кийин Философия жана укук институтунун директорунун илим боюнча орун басары. 1959-жылы кандидаттык диссертацияны, 1973-жылы – доктордук диссертацияны ийгиликтүү жактаган. 1993-жылы юридика илимдеринин жаатында биринчи болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын конституциялык укуктун теориясы жана тарыхы боюнча көрүнүктүү адиси. 100дөн ашык илимий иштери бар, суверенитеттин, кыргыз мамлекеттүүлүк маселелери, конституциялык курулуштун негиздери боюнча он фундаменталдык монография чыгарган.

1990-1991-жылдары конституциялык укук жаатында алдыңкы адис катары Кыргызстандын атынан СССРдин Конституциялык көзөмөл комитетинин мүчөсү болгон.

Кыргызстандын, ошондой эле Союздук конституцияларынын концепцияларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу процесстерине жигердүү катышкан. Илимий-изилдөө иштерди педагогикалык иш-аракеттер жана илимий кадрларды даярдоо менен айкалыштырып жүргөн. Анын жетекчилиги астында бир нече юридика илимдеринин докторлору жана кандидаттары даярдалган.

Юриспруденция жаатында диссертацияларды жактоо боюнча биринчи адистештирилген кеңештин төрагасы болгон. Казакстандын, Россия Федерациясынын, Тажикстандын, Өзбекстандын илимий жана жогорку окуу жайларынын алдында адистештирилген кеңештердин мүчөсү болгон.

Кыргыз Республикасынын конституциялык укук илиминин, мамлекеттик бийликтин суверенитетинин бекем пайдубалын салган. Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсионер катары өзүнүн акыркы күнүнө чейин кызмат кылган.