Бурулбүбү Турдубаева

Турдубаева Бурулбүбү‎»‎ барагынан багытталды)

Турдубаева Бурулбүбү (1935-жылы туулган, Тогуз-Торо району, Бирдик кыштагы) — малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1964-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1955-жылы баш чабан болуп иштөөдөн баштаган. 1963—65-жылдары ар жүз тубар койдон 109—130дан төл, ар койдон 3,9—4,4 кг дан жун алган. 1974—79-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты[1]. Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.
  1. Список депутатов Верховного Совета СССР IX созыва