Турдуева, Азиза Сүйүнбаевна

Азиза Сүйүнбаевна Турдуева (орус тилинде: Азиза Суюмбаевна Турдуева; англисче: Aziza Turdueva; 30.5.1971-ж.) – тарых илимдеринин кандидаты, манас таануучу, дипломат.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Азиза Сүйүнбаевна Турдуева 1971-жылдын 30-майында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында туулган. Атасы – Сүйүнбай Турдуев, энеси – Базаргүл Эшмурзаева.

1988-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы Фрунзе атындагы № 1 орто мектепти алтын медаль менен аяктаган.

1988-93-жылдары Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети) тарых факультетинде окуган.

1993-жылы А.Турдуева Тарых факультетин артыкчылык менен аяктаган.

1993-96-жылдары КМУнун аспирантура бөлүмүндө окуган. Ушул эле жылдары КУУнун Мамлекеттик башкаруу жана укук факультетинде “Мамлекеттик башкаруу жана укук” адистиги боюнча кошумча окуп, ЖОЖдун экинчи адистигин кызыл диплом менен аяктаган.

1990-жылдардын башында кыргыз окумуштууларынан алгачкылардан болуп, бир нече жолу Кытайга илимий сапарга чыгып, Синьцзянь аймагындагы кыргыздардын тарыхы, Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын 1950-1990-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү тарыхы жана Чыгыш Теңир-Тоо калктарынын этнографиясы боюнча иликтөөлөр жүргүздү.

1993-1996-жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Айыл чарба Академиясында Политология кафедрасында окутуучу болуп иштеген.

А, Турдуева 1997-жылы кытайлык кыргыздардын тарыхы, асыресе, Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын 1950-1990-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү тарыхы боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

1996-жылдан 2006-жылга чейин, А.Турдуева “Азаттык” үналгысында (Эркин Европа / Азаттык үналгысынын Кыргыз кызматында) Бишкектеги бөлүмүндө жана Прага (Чех Республикасы) шаарындагы баш кеңсесинде иштеген.

1997-1999-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Тарых жана Политология кафедрасында окутуучу болуп иштеген. Анын ичинде 1998-99-жылдары университеттин Илимий бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

2000-2001-жылдары БУУнун Өнүгүү программасынын Дүйнөлүк экологиялык фондунун программасынын иш-аракетин жүзөгө ашыруу боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү болуп иштеген.

2000-2005-жылдары Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR, Улуу Британия) менен тыгыз кызматташып, анын аналитикалык макалалары англис жана орус тилдеринде жарыяланып турду.

2006-жылдан тартып мамлекеттик кызматка өттү.

2006-жылы Азиза Турдуева Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат башкармалыгын жетектеди.

2007-2008-жж. Ош облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеди.

2009-ж. Тышкы ишетр министрлигинин Маалымат башкармалыгынын жетекчиси, министрликтин расмий өкүлү кызматын өтөдү.

2010- 2014-жж. Азиза Турдуева Кыргызстандын Орусия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Вице-консулдугун жетектеген. Консулдук округ Новосибирск, Иркутск, Омск, Томск облустарын,Красноярск, Алтай крайларын, Алтай Республикасын, Бурятия Республикасын, Хакасия Республикасын, Тыва Республикасын жана Орусиянын Сибирь округундагы башка субъекттерин камтыйт.

2015-июнь 2016-жж. Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин кеңешчиси болуп иштеди.

2016-ж.июль айынан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастары "Мурас" Фондунун Төрага орун басары болуп эмгектенүүдө.

Кыргыз таануудагы салымдары түзөтүү

Азиза Турдуева Кытайдагы кыргыздардын тарыхы жана этнографиясы, КЭРдеги кыргыз дастанчылары жана манасчылары, ошондой эле Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын 1950-1990-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү тарыхы тууралуу бай маалымат топтогон окумуштуу.

Анын эмгектери Кыргызстанда, Кытайда, Орусияда, Казакстанда кыргыз, орус жана кытай тилдеринде жарык көргөн.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Үй-бүлөлүү.

Үч баласы бар (Медербек, Ариана жана Бекжан).


Илимий жана коомдук ишмердүүлүгү түзөтүү

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөсү болгон (1989-95).

Кыргыз Тарых Коому эл аралык коомдук бирикмесинин мүчөсү (2012-жылдан).

Эмгектеринин чакан тизмеси түзөтүү

  • Кытайдагы кыргыздардын социалдык абалы (1950– 1990-жж.). / Ред. Эгемберди Маанаев. – Бишкек, 2001. - 173 бет. (монография). - ISBN 9967-506-98-9.
  • Кытайдагы кыргыздардын 1950–1990-жж. демографиялык абалына карата // Вестник Кыргызского государственного университета им. И. Арабаева. – Бишкек, 2005. – С. 64-67.
  • Шинжаңдын Кызылсуу Кыргыз автономиялуу облусунда 1950-жж. агрардык реформанын жүргүзүлүшү // Наука и новые технологии. №7-8. – Бишкек, 2008. – С. 64-66
  • О социальном положении кыргызов, проживающих в КНР (1950-е гг.) // Наука и новые технологии. №7-8. – Бишкек, 2008. – С. 159-162.
  • Кызылсуу Кыргыз автономиялуу облусу «чоң секирик» жана «маданий төңкөрүш» мезгилинде // Социально-гуманитарные науки. – Бишкек, 2008. – С. 24-32.
  • Кытай Эл Республикасынын Шинжаң аймагындагы экономикалык өзгөрүүлөр //Агропресс. – Бишкек, 2006. – С. 42-47.
  • О некоторых демографических изменениях кыргызов, проживающих в КНР (1950- 1990-гг) // Вестник ПГУ. – Павлодар, 2008. №4. – С.59-68.
  • К вопросу экономического и социального развития Кызылсуу кыргызской автономной области СУАР КНР (1950– 1980-е гг). // Вестник ПГУ. – Павлодар, 2008. №4. – С.69-75.
  • Кытайдагы кыргыздардын социалдык абалы // Сборник научных трудов. Кыргызский Государственный педагогический университет им. И. Арабаева. – Бишкек, 1997. – С. 34-38.
  • Шинжаң кыргыздарынын тарыхына карата // Сборник научных трудов. Кыргызский Государственный педагогический университет им. И.Арабаева. – Бишкек, 1997. – Б. 53-59.
  • Шинжаң кыргыздарынын эл агартуу тармагындагы маселелер // Женщина и образование. Сборник научных трудов и докладов международной конференции. – Бишкек, 1997. –С. 126-128.
  • Шинжаң кыргыздардын эл агартуу тармагындагы өзгөрүүлөр (1950-1980-жж.) //Женщина и образование. Сборник научных трудов и докладов международной конференции. – Бишкек, 1996. – С.126-128.
  • Кытайдагы кыргыздардын адабият тармагындагы жетишкендиктер // Гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери. Кыргыз агрардык академиясында өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциянын материалдары. 1-бөлүм. – Бишкек, 1997. – Б.86-93.
  • Кытайдагы кыргыздардын демографиялык өзгөрүүлөр (1950-1990-жж.). Гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери. Кыргыз агрардык академиясында өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциянын материалдары. – Бишкек, 1997. - 1-бөлүм. – Б.125-132.
  • Шинжаң кыргыздарынын тарыхына карата. / Сборник научных трудов. Кыргызский государственный педагогический университет им.И.Арабаева. – Бишкек, 1997. – Б.53-59.
  • Кытайдагы кыргыздардын социалдык абалындагы маселелер (1950-1990-жж.). Сборник научных трудов. Кыргызский государственный педагогический университет им.И.Арабаева. – Бишкек, Б.124-130.
  • Шинжаң кыргыздарынын эл агартуу тармагындагы реформа (1950-1970-жж.) // Эл агартуу. – Бишкек, 1997. – Б.63-66.
  • Кытай кыргыздарынын тарыхынан // Ала-Тоо. – Бишкек, 1997. – Б. 3-26.
  • Жусуп Мамай – кыргыз элинин залкар манасчысы. // “Манас” эпосунун 1000-жылдыгына карата уюштурулган илимий конференциясынын материалдары. -–Бишкек, 1995. – Б.29-31.
  • Ысакбек Мону уулу – кыргыздардын алгачкы генералы. // “Манас” эпосунун 1000-жылдыгына карата уюштурулган илимий конференциясынын материалдары.. – Б.142-144.
  • “Кайың барбы кыргыз балта чаппаган” Кыргыз Руху. – 1995. – 28-июль.
  • Боордошторубуздун эрдиги. – Кыргыз Туусу. – 1995. – 29-июнь.
  • Шинжаң кыргыздары. Заман. 1995. – 28-июль.
  • Кытайдагы кыргыздарда “Манас” эпосун изилдөө. Кут билим. 1995. – 18-август.
  • Кызыл-Суунун кыраандары. – Кыргыз Туусу. – 1995. – 25-август.
  • Трудовые мигранты Кыргызстана в Хакасии (Российская Федерация) // Материалы научной конференции. – Абакан, 2013.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү