Тоймат уулу Турдумамбет

Турдумамбет Тоймат уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Турдумамбет Тоймат уулу, Турдуке – 19-кылымдын 2-жарымында Атбашы, Аксай аймактарын бийлеген манап. Чериктердин бай чубак уругунун карагул тукумунан. Эки ата өткөн агасы Ажыбек батырдын көзү өткөн соң бүткүл черик уруусун бийлеген. 1863-жылы жазында 5000 түтүн черик уруусунун атынан букаралыкка кабыл алууну өтүнүп, элчилерин орус бийликтерине жиберген. 1863-жылы 13-октябрда Турдумамбеттин элчилери Омскиде Батыш Сибирь генерал-губернаторунун алдында Россиянын букаралыгына өтүүгө ант беришкен.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү