Турсунгазиев, Байсеит (1937-ж.т., Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз р-ну, Чоң Кызыл-Суу кыштагы) – геолог, Кыргыз Республикасынын геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1993). Фрунзе политехника ин-тун бүткөн (1959). Ысык-Көл, Чүй ж-а Түндүк Кыргызстан геол. экспедицияларынын партияларында улук коллектор, кенже геолог, геолог, отряддын начальниги, улук геолог, партиянын начальниги (1959–82), Түндүк Кыргызстан геол. экспедициясынын начальниги (1982–95), Кыргыз Республикасынын геол. комитетинин төрагасы (1995–96), Кыргыз Республикасынын геология ж-а минералдык ресурстар министрлигинин министри (1996), Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы «Мамгеолагенствосунун» директору (1996-1998), Түндүк Кыргызстан геол. экспедициясынын начальниги (1998 жылдан). Эмгек Кызыл Туу ордени (1971) менен сыйланган. «Кен байлыктын ардактуу чалгындоочусу» (1988). деген ардактуу наам, Талдыбулак – Сол жээк, алтын кенин ачууга кошкон салымы үчүн «Кенди биринчи ачуучу» деген төш белги берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү