Бечелова Турсун (1898, Бишкек уезди, Кызыл-Суу кыштагы 1981, Бишкек) Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин саясий үгүт иштерин жүргүзүүнү уюштурган алгачкы кыргыз аялдарынын бири. 1916жылдан Бишкек, Сокулуктагы соодагерлерге жалданып иштеген. 1918-ж. Бишкектеги «Эмгекчи аялдар союзуна» кирген, 1919-20-ж. Ташкендеги партиялык-советтик мектептен окуган. Аны бүткөндөн кийин Бишкек, Токмок шаарында аялдар ишин уюштурууга катышкан (1924); Нарын, Бишкек шаарында аялдар арасында иштөө боюнча инструктор, кийин Ош, Бишкек шаарынын ишканаларында иштеген. 1945-жылдан республикалык маанидеги пенсияга чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү