Тушь (немисче tusche) – сүрөт технологиясында – көбүнчө чаптоочу заттардын жана атайын даярдалган көөдөн турган, жебилге же калем менен тартылуучу сүрөттүк материал. Т. кургак (плита же столбик түрүндө) жана суюк болот. Кара Т-тун эң мыкты сорту – кытай тушу. Түстүү Т. деп аталган (суюк боёктун өзгөчө түрү) түрүн сүрөтчүлөр дээрлик колдонушпайт. Т. – жебилгенин жардамы аркылуу кара Т. менен аткарылган сүрөт техникасынын аталышы. Иш үстүндө Т. суу менен аралаштырылат, кургаганда дээрлик жуулбайт. Сүрөттүн түстүк түрү, материалынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу кү­рөң­дөн баштап күмүш сымал көгүш болуп өзгөрөт. Суу кошулбаган Т. кагазда акварель бере албаган кочкул кара түстү берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү