Тыбыш жазуусу - графикалык белгилери бүтүн сөздү же түшүнүктү (к. Идеографиялык жазуу), муунду (к. Муун жазуусу) эмес жеке тыбыштырды туюнта турган жазуунун негизги түрлөрүнүн бири.

Тыбыш жазуусу жазуунун жөнөкөй жана өркүндөгөн түрү болуп эсептелет. Анын байыркы формасын семит элдери түзгөн (к. Финикия жазуусу). Кийинки тыбыштык алфавит системаларынын көбү грек, латын, араб жана славян жазуулары ошол байыркы Тыбыш жазуусунан тараган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4