Тыныбек Жапый уулу
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Тыныбек Жапый уулу
Туулган жылы: 1846-жыл
Өлгөн жылы: 1902-жыл
Туулган жери: Кайнар айылы, тескей Ысык-Көл, Кыргызстан
Өлгөн жери: Туюк төрү, азыркы Нарын району, Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: манасчы

Тыныбек манасчы - кыргыздын улуу даңазалуу манасчысы.

Өмүр жолу түзөтүү

Тыныбек Жапы уулу Ысык-Көлдүн тескейиндеги Кайнар деген жерде туулган.
Бугу уруусунун Тынымсейитинен.
Атасы Жапый аргымактарды таптаган саяпкер адам болгон. Тили тантыгыраак болгон экен, атасынын.
Апасы Бопуй.
Он төрт жашында, Тянь-Шандан эжесиникине, көлгө бараткан жолдо, Тосордун тушундагы мазарга түнөп калганда, кадимкидей даарып, көзүнө айкөл Манастын өзү көрүнүп, ошондон тартып жолду карата тынбай "Манас" айтып жүрүп олтурган.
Ошондон тартып "Манас" айтып калган.
Уламадан калган кептерге караганда Тыныбек манасчы "Манастын" Чоң Казат бөлүгүнүн жаратуучусу жана аны алты ай айтса талбаган улуу жомокчу.
Тыныбектин үнү ушунчалык күчтүү анан тунук болгон экен Туюктан туруп "Манас" айтканда Оттук айылынын оозуна чейин угулчу дешет.
Тыныбек манасчы катары өтө кубаттуу гипнотизердук кудуретке ээ болгон манасчы.
Күбө замандаштарынын айтууларына караганда жайдын саратанында кыламык кар жаадырып, ал кардын үстүндө алп Манас баш болгон баатырлардын тулпарларынын чарадай-чарадай болгон издери түшүп калчу экен.
Тыныбек манасчылыгы менен Тянь-Шанда ушунчалык кадыр-баркка жеткен, аны отуз жашында бий кылып шайлашкан.
Кадимки "Манас" жыйноочу В.Радлов 1898-жылы Тыныбектин айтуусунда дастандын "Семетей" бөлүгүнүн айрым үзүндүлөрү жазылып алган деп айтылат.
Тыныбектин "Семетейи Казань шаарында жарык көргөн.
Улуу манасчы Тыныбек 1902-жылы Нарындагы Байдулу жайлоосунун Туюк төрүндө каза болгон.
Ал "Манастын" баардык бөлүмдөрүн толугу менен эң жогорку көркөмдүктө айта билген.

Тыныбектин "Манас" айтуучулук мектеби түзөтүү

Анын "Манасты" айтуудагы өзгөчөлүгү айтуучулук чеберчилигинин абдан жогору болгондугунда.
Тыныбек ХIХ кылымдагы манасчылардын көпчүлүгүнө таасир берүү менен бул өнөрдүн өзүнчө мектебин түзүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет.
Мисалы, Тыныбек өзү окуучуларым деп эсептеген Тоголок Молдо, Калыгулдан Молдобасан Мусулманкул уулу, Байбагыштан Багыш Сазан уулу, Дөңүзбайдан Мамбет Чокмор уулу таалим алышкан. Демек, кийин белгилүү манасчы, семетейчи болуп чыга келишкен Молдобасан, Багыш, Мамбеттер да өз устаттары аркылуу кыйыр түрдө Тыныбектен таасир алышкан.
Колдо бар материалдарды салыштыра келгенде аталган манасчылардын варианттары да көп жагынан бири-бирине жакындык кылып, өзүнчө мектепти түзүшөт да, «анын негиздөөчүсү же эң эле бери болгондо» аны толуктап, өркүндөтүп өзүнөн кийинкилерге өткөрүп берген «эң көрүнүктүү өкүлү» деп Тыныбек Жапый уулун атоого мүмкүнчүлүк берет (С. Мусаев. Эпос «Манас», Фр. 1979, 83-б.).
"Манас" эпосунун бүгүнкү көркөм бийиктикке жетишишине анын да кошкон салымы зор болгон.
Ал өзгөчө "Семетей" бөлүмүн зор эргүү менен айткандыгын эскерүүлөр далилдеп турат. Анын айтуусундагы "Семетейдин" бөлүмүнөн үзүндү кийин 1925-жылы араб алфавитинде Москва шаарынан басылып чыккан.
Тыныбектин аты манасчылык өнөрдүн тарыхында сыймык менен айтылат.
Анын айтуусундагы эпизоддор Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Сатар Алмамбетов тарабынан Германияда жарыяланган.

Тыныбек туурасындагы драма түзөтүү

Тыныбек манасчы туурасында драматург Жаныш Кулмамбетов 1992-жылы "Кагылайын, Манасым!" ("Тыныбек") аттуу драма жазып, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында режиссер Искендер Рыскулов койгон.
Бул драма менен оюнду койгон чыгармачылык топ мезгилдин образын метафоралык маанайда таасын чагылдырышкан.

Колдонулган адабият түзөтүү

С. Мусаев. Эпос «Манас», Фрунзе. 1979, 83-б.
"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
Жаныш Кулмамбетов. "Манас" -кыргыз элинин эпикалык театры. Ала-Тоо журналы. Бишкек, 1995, 216-бет.
Алтынай Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү. Бишкек, "Бийиктик", 2009. - ISBN 978-9967-13-540-6.

Шилтеме түзөтүү

U.A.Asanov, A.Z.Jumanazarova, T.Chorotegin. Kyrgyzskaia nauka v litsah: Kratkiy istoricheskiy I bio- bibliograficheskiy svod / Otv. Red. U.A.Asanov. – Bishkek: Tsentr gosyazyka I entsiklopedii. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)