Түркиядагы аскердик төңкөрүштүн аракеттери (2016)

Түркиянын аскердик төңкөрүштүн аракеттери - 15-июлдан 16-июлга караган түнү Түркиянын аскерлери өлкөдө бийлик басып алууга аракеттенишкен. Стамбул жана Анкара шаарларына танк жана учактар киргизилип, стратегиялык объекттер басып алынган. Бирок шаарлардын миңдеген тургундары аларга каршы чыгып, жыйынтыгында кагылышуу болуп, парламенттин имаратына бомба ташталган.

Түркиядагы аскердик төңкөрүштүн аракеттери
Дата

15 июль / 16 июль2016 жыл

Орун

 Түркия Стамбул Анкара

Каршы тараптар
  • Түркия Президент жана Түркиянын өкмөт башчысы
Колбашчылар
Доподлинно неизвестны.
Предполагаемые лидеры путчистов
:
Түркия Мухаррем Кёсе
Түркия Акын Өзтүрк[4]
Түркия Метин Лийдил[5]
Түркия Режеп Тайип Эрдоган

Түркия Бинали Йылдырым
Түркия Акар Хулуси
Түркия Фикри Ышик
Түркия Абдин Унал

Тарап күчтөрү
Түркиянын биринчи аскердик бөлүгү
Жандармерия
ААК бөлүгү
Локальные сторонники
Түркиянын куралдуу күчтөрү
Түркиянын полициясы
Бир канча миң президенттин ишкерлери
Жоготуулар
Самолёт F-16

2 вертолёт

1 генерал (өлтүргөн)
2839 аскер кызматкерлери
(кармалган же өздөрү багынып беришкен)
29 полковник

5 генерал

1 контр-адмирал (камакка алынган)
Каза болгондордун баары 104[6]
40 полиция кызматкерлери[7]
2 аскер кызматкери
47 жарандар
Өкмөт башчынын кызматкерлери тарабынан жалпы 90 адам каза болгон[6]
жалпы жоготуулар
Каза болгондор 194 адам[6] жана Баардык эсептөөлөр боюнча 1154 адам жаракат алган.

Таңга маал гана бийлик төңкөрүш жасоого аракеттенгендерди кармаганы менен каза болгондордун саны 194 адам каза болгон

Окуянын хроникасы түзөтүү

  • 16 июль - Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бийликти басып алууга аракеттенген аскерлердин көбү кармалгандыгын жарыялады.Ишембиге караган түнү түркиялык аскерлер өлкөдө бийлик басып алгандыгын жарыялап азыркы бийликти кетирүүгө ниеттенгендерин билдирген. Алар баардык эл аралык нормалар сакталаарын билдирип мыйзам баарынан өйдө тураарын кошумчалашкан.Өлкө башчысы бийликти басып алууга аракеттенген аскерлер өз жазасын алаарын айтып, аскердик төӊкөрүшкө катыштыгы бар 104 адам аныкталганы айтылган
  • 16 июль 18:00 - Түркияда төӊкөрүш жасоого аракеттенген деп шектелип кармалгандардын саны 2600 адамга жеткен.Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында чет элдик жарандар да бар. Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, учурда кармоолор дале уланууда.
  • 16 июль 19:00 - "Каза тапкандардын саны 190, ал эми ар түрдүү жаракат алгандардын саны 1440 адамга жетти. Каза тапкандардын арасында 41и полиция кызматкерлери, 2 жоокер, 47 жаран жана 104 адам төӊкөрүшкө катыштыгы барлар"
  • 16 июль 20:00 - CNN Turk телеканалында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик төңкөрүшкө аракеттенген деп АКШда жашаган оппозициялык ислам үгүттөөчүү Фетхуллах Гюленди айыптаган.(Андан соң ушундай эле жоромолу менен түркиялык Юстиция министри чыккан. Гюлендин тарапташтары бул козголоңго анын эч кандай тиешеси жок экенин айтышып, бул айыпты "өтө жоопкерчиликсиз" деп аташкан.)

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү