Түштүк чоң Чүй каналы - Чүй өрөөнүндөгү ири ирригациялык курулуш комплекси. 1972-ж. курула баштаган.

Ысык-Ата суусунан (Юрьевка кыш. туштан) башталып, Батыш Чоң Чүй каналына жарыш, 1987-ж. Бишкек шаарынын түштүк жагынан өтүп, Казакстандын Мерке районуна чейин жетет. Каналдын жалпы уз. 158 км; шаардын чегинде 4,5 км. 3 миң га жерди еугарат. Каналдын башталышында суу чыгымы 90 м3/сек, шаар чегинде 45 м3/сек\ туурасы шаардын чегинде 10,5 лгден 20 -мге чейин, теренд. 2 jure жетет. Каналдын шаар бөлүгүнүн (Аламүдүн суусунун жээги, 5 жана 6-кичирайондорунун аралыгы, Орто-Сай токой массивинде) жээктери келечекте сууга түшүүчү жай (пляж) болмокчу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4