Түштүк шетленд аралдары
Түштүк шетленд аралдары - Антарктикадагы Дрейк кысыгындагы жанартоолуу аралдар тобу.


Он бир чоң жана көптөгөн майда аралдар менен аскалардан турат. Аянты 4300 км2дей. Бийикт. 2300 мге чейин (Кларенс а-нда). Көпчүлүк бөлүгүн муз менен кар каптап жатат. Түлөндөр менен пингвиндердин жатагы. Деңиз канаттуулар базары. Аралдарда Аргентина, Улуу Британия, Чили, Польшанын илимий стандиялары жайгашкан. Ири аралы - Кинг Жорж (Ватерлоо) а-нда Россиянын Беллинсгаузен станциясы иштейт (1968-жылдан). Аралдарды 1819-ж. англ. У. Смит ачкан. Аны 1821-ж. Ф. Ф. Беллинсгаузен алгачкылардан болуп изилдеп, картага түшүргөн.
Колдонулган адабияттар Түзөтүү
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4