Төлөмүшев Мырзаян - жазуучу жана котормочу.

Мырзаян Төлөмүшев Тянь-Шань районуна караштуу Кумбел айылында 1942-жылы 20-ноябрда туулган.
1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирет.
1963–1966-жж. Советтик армиянын катарында кызмат өтөп,
1970-жылы университетти бүтүрөт.
1970–1986-жж. «Кыргызстан» басмасында редактор, улук редактор,
1986–1990-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунда «Манас» секциясын башкарган, Сагынбай Орозбаковдун вариан-тындагы «Манас» эпосун орусчага которууга катышып, манасчынын 125 жылдыгына карата «Улуу манасчы Сагынбай» деген жыйнакты түзгөн. «Манас» энциклопедиясынын авторлор курамындагылардын бири.
М.Төлөмүшев Л.Толстойдун, В.Астафьевдин, А.Упиттин, К.Симоновдун, В.Быковдун, В.Тендряковдун, И.Шамякиндин, К.Чапектин, А.Зегерстин, В.Распутиндин, түрк жазуучусу Жашар Кемалдын, болгар жазуучуулары Э.Станев, Н.Хайтов, Н.Антонов, Д.Чавдаровдун, чех жазуу-чулары К.Чапектин, Л.Суходольчандын, Мухаммедиевдин, Х.Каримдин, К.Насыринин, Ж.Одинаевдин, уйгур прозачысы Ш.Шаваевдин, армян Р.Кочардын, белорус Я.Брылдын, Н.Гильевичтин, дунган А.Арбудунун, чуваш М.Юхманын прозаларын австриялык P.M.Рилькенин, молдован акыны Г.Виерунун, хакас акындары Н.Доможаковдун, М.Кильчичаковдун, А.Майтакованын ырларын, «Махабхаратадан» үзүндүлөрдү которгон. М.Төлөмүшев бир нече жыйнакты түзгөн жана баш сөз жазган.
М.Төлөмүшевдин котормосунда М.Булгаковдун «Зоянын квартирасы» драмасы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Ш.Шаршеевдин «Ысык-Көл жөнүндө уламыш» пьеса-легендасы Ош драма театрында, Азис Несиндин «Жанга баткан жалгыз-дык» пьесасы Бишкектеги Жаштар театрында коюлган жана он чакты көркөм фильмди кыргызчалаткан.
Кийинки жылдары Р.Жованьолинин «Спартак» тарыхый романын, Ч.Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романын, К.Бектурганованын «Кыр-гызстандын асыл кыздары» очерктер жыйнагын которгон.
Акыркы жылдары адабият жана искусство адамдарынын азил-тамашаларынын өзү күбө болуп уккандарын, эл ичине тарап, айтылып жүргөндөрүн, басма сөз беттерине жарыялана калып жүргөндөрүн жыйнап, «Деген экен» деген жыйнак чыгарды.
М.Төлөмүшев 1974-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
М.Төлөмүшев «20 лет победы над фашистской Германией» медалы (1965), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы (1974), Басма, полиграфия жана китеп соода иштери боюнча Кыргыз ССР Мамлекеттик Комитетинин Ардак грамотасы (1982), Басма, полиграфия жана китеп соода иштери боюнча СССР Мамлекеттик Комитетинин жана ВЦСПСтин Ардак грамотасы (1984) менен сыйланган.
2000-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам ыйгарылган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Издеген табат: Очерктер жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 60 б.

Деген экен: – Б.: ЖЭКА ЛТД, 1998. – 192 б.

Жан эрмек: – Б.: Кыргызстан, 2000. – 298 б.

КОТОРМОЛОРУ

Минач В. Ара жолдо, аңгеме. Жыйнак: Toп жылдыз. – Ф.: Кыргызстан, 1971.

Тажик жазуучуларынын аңгемелери: Жыйнак (коллектив). –Ф.: Кыргыз-стан, 1974.

Алло, бул мен: (Болгар жазуучуларынын аңгемелери (коллектив). – Ф.: Кыргызстан, 1975.

Хайтов Н. Жапан аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1977.

Суходольчан Л. Катылган күндөлүк. – Ф.: Мектеп басмасы, 1978.

Зегерс А. Алсыздардын кудурети: Аңгемелер (Т.Токтоналиев менен). – Ф.: Кыргызстан, 1978.

Кармашта чыңдалган достук. Мектеп, 1979.

Распутин В. Эсен болуп, эстей жүр, повесть (Б.Кубатбеков менен). – Ф.: Кыргызстан, 1980.

Доможаков Н. Ырааккы айылда, роман. – Ф.: Кыргызстан, 1981.

Симонов К. Аңгемелер (коллектив менен). – Ф.: Мектеп, 1983.

Распутин В. Акыркы мөөнөт: Повесттер жана аңгемелер. –Ф.: Кыргызстан, 1983.

Астафьев В. Огороддо баары бар: Аңгеме. К-пте: Аюулар келет из кууп, Мектеп, 1985.

Распутин В. Өрт: Повесть К-пте: Кукарача, Өрт, Таңга маал. Ф.: Мектеп, 1990.

Симонов К. Өлбөс ысым, Бийик Татр тоолорунда: Аңгемелер. К-пте: Гүлдесте Кыргызстан, 1985.

Жованьоли Р. Спартак. – Ф.: Адабият, 1990.

Анекдоттор. – Ф., 1992.

Айтматов Ч. Кассандра тамгасы. – Б.: Кыргызстан, 1997.

Бектурганова К. Кыргызстандын асыл кыздары. – Б.: Бийиктик, 2006.

Г.Мишев. «Тилден дилге» деген жыйнакта, Чала жетим: Роман. – Б.: Уч-кун, 2007.