Төлөм макулдашуусу
Төлөм макулдашуусу – кеңири маанисинде алганда, соода жана соодага жатпаган аткарымдар боюнча эсеп-кысап тутуму менен тартибин белгилөөчү келишим. Эреже катары, Т. м. эларалык деңгээлде (эки жактуу же көп жактуу негизде) түзүлөт жана эларалык Т. м. деп аталат. Бир катар учурларда – башка келишимдердин (соода-сатык, кредиттик ж. б.) катыштык бөлүгү болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7