Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычыАла-Арча суусунун сол жээгинде, Бишкек ш-нан 10 км түн. тарапта жайгашкан.

1965-ж. пайдаланууга берилген. Чүй, Аламүдүн ж-а Ала-Арча сууларынан толукталат. Чатынан гидротүйүнгө чейинки уз. 4 км. Суу агымын жыл мезгилдерине карай жөнгө салат. Суу сактагыч эки көлмөдөн (чыгыш 2,5x1,8 км; батыш, 3,5х1,35 км) турат. Эң терең жери 30 м, суу толгондогу аянты 6,3 км3, көлөмү 51,2 млн м3. Жайында суунун деңгээли жогору көтөрүлүп, күзүндө ж-а кышында деңгээли сакталат. Жазында суу пайдаланылгандыктан деңгээли төмөндөйт. Плотинасынын уз. 3,159 м, туурасы 8 м, эң бийик жери 24,5 м, 20 миң га жерди суу м-н камсыз кылат. Суу сактагыч шаардыктар м-н жакынкы айыл-кыштактардын элинин эс алуучу жайы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2