Төрөгелди Абайылда уулу (1798/1799-1868/1870-ж) - сарыбагыш уруусундагы черикчи уругунун манабы, Ормон хандын колбашчысы.

Атасы Абайылда 18-кылымдын акыры, 19-кылымдын башында Кочкор өрөөнүн мекендеген чоң манаптардан болгон.
Төрөгелди баатыр агасы Нарбото менен казактардан жылкы чаап келүү үчүн жортуулга чыгып турган. Нарбото ушундай жортуулдардын биринде өлгөн.
Казак султаны Кененсары Касым уулунун колун талкалоого катышкан. 19-кылымдын 40-жылдарынын акырында казактарга туткунга тушүп, андан Жантай хандын жардамы менен бошоп чыккан.
Бугу менен сарыбагыш урууларынын чабышы башталган учурда Төрөгелди баатыр Пишпек чебинде камоодо жаткан.
1854-ж күзүндө бошонуп келип кол курап, бугулар өлтүргөн "Ормондун куну" учурдагы сарыбагыш феодалдарынын талоончул саясатын уланткан. Эл оозундагы уламыштар боюнча Ормон Хан ага "Ысык-Көлдү үч айлан, бугу элин чап",- деп керээзин калтырган имиш.

Болжол менен 1855-ж. Төрөгелди баатыр бугу уруусунун манабы Балбай баатырдын айылына жасаган жортуулунда аттан жыгылып, буту сынган. Туткунга тушкөн Төрөгелди баатырдын жаңы бүтүп келаткан бутун Балбай кайра эки жолу сындырган. Туткундан 1858-ж. бошотулган.

1859-ж. апрелде Кашкардан Чокон Валихановду Жети-Өгүздө бир нече күн кармап турган, орус отряды жакындаганын угуп кое берген.

1865-ж. орус бийлигин таанууга аргасыз болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы. Б.,2003.