Википедия:Эрежелер

УП:Э‎»‎ барагынан багытталды)


Макала

Грамматика

Дефис (Тире)

Дефис менен жазуунун эрежелери

  • 1) Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн араларына дефис коюлат. Мисалы: Бат-Бат
  • 2) Эгер иреттик сан цифра аркылуу берилсе, анда дефис -ынчы, (-нчы, чи, чу) мүчөсүнүн ордуна, цифрадан кийин коюлат. Мисалы: 2020-жыл. 5-президент ж. б
  • 3) Рим цифрасынан кийин дефис коюлбай жазылат. Мисалы: XIX кылым
  • 4) Иреттик сан атоочтордун ордуна N белгиси коюлса, андан кийин дефис белгиси жазылбайт, анткени N белгисинин өзү иреттик маанини билдирет. Мисалы: № 6 китепкана
  • 5) Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат. Мисалы: Жашы 40-45 чамасында
  • 6) Кыскартуулар же толук айтылган сөздөр менен цифралардын арасына да дефис коюлат. Мисалы: Мерседес-600
  • 7) Адамдардын адистигин, наамын, же башка белгилерин көрсөтүүчү татаал сөздөр да дефис аркылуу жазылат. Мисалы: Акын-драматург
  • 8) Эки бөлүктөн турган сөздөр да дефис аркылуу жазылат. Мисалы: Пресс-конференция